«Табышмактуу ЖМК». «Клооптун» материалдары боюнча соттук экспертизанын корутундусу

Иероним Босх. «Акмактык операциясы», фрагмент.

«Клооп» редакцияга карата соттук териштирүүнүн жүрүшүндө УКМК тарабынан дайындалган соттук «психолого-психологиялык» экспертизанын (ооба, документ дал ушундай аталат) корутундусун окуп чыкты.

Экспертизага «жогорку категориядагы эксперт-психиатр» Ж. Аралбаев, Ж.Р. Караева жана М.О. Курманалиев, ошондой эле «серепчи жана психология боюнча магистрлер» Ч.Ш. Абдуллаева жана В.А. Терехова кол койгон. Аларга  документте атайылап жалган корутунду берген учурда жоопко тартыла турганы эскертилген. 

Экспертизага 2022-жылдын 11-ноябрында эле кол коюлган, бирок «Клоопко» эми гана — прокуратура биздин юридикалык жакты — «Клооп Медиа» фондун жабууну талап кылып, бул боюнча соттук териштирүү башталганда гана тийип отурат.

Корутундуну окуп жатканда дароо көзгө урунган нерсе — бул фактылардын дээрлик жоктугу. Текстте эксперттер талдап чыкты делген «Клооптун» материалдарынан бир дагы цитата жок — жада калса кайсы матриалдар талданганы так көрсөтүлгөн эмес. Ал тургай «Клооп» эмес, кайдагы бир вакуумдагы ЖМК талданып жаткандай элес калтырат — текстте «ЖМК» сөзү 10 жолу, ал эми «Клооп» деген сөз, документтин аталышын кошкондо, үч эле жолу эскерилген.

Документ экспертизанын корутундусуна окшобойт. Ал эми анын авторлору психиатр менен психологдун компетенциясынын чегинен чыгып кеткен — анда социологияга, саясат таанууга жана тарыхка кыйытмалар бар экенин байкоого болот. Бирок, түрдүү жөндөмүн колдонгон авторлор бир дагы маалымат топтомуна, илимий макалага шилтеме кылган эмес.

Прокурор «Клоопту» жабуу талабына төмөнкүдөй жүйөнү кетирген — Баткен облусунан калктын «коопсуз аймактарга чыгып кетишине» басылма күнөөлүү имиш. Бирок «психолого-психологиялык» экспертизанын корутундусунда «Клооп» жөнүндө бир да сөз жок – болгону табышмактуу «бир ЖМК» тууралуу кеп козголгон.

Ошондой эле «Клооптун» материалдарынан кийин окурмандарда «агрессивдүү-криминалдык жүрүм-турум», «сексуалдык аномалия», «баңгиге көзкарандылык», «суициддик абал» жана социалдык көндүмдүн бузулуусу» пайда болору белгиленген.

Документтин эң аягында корутунду жазылган (текст документте кандай болсо, ошондой берилди:

  1. «Белгиленген билдирүүлөрдө коомдук пикирге терс контекстте таасир этүү ыкмалары колдонулган.
  2. Бул таасир өтүү өлкөдө болуп жаткан коомдук процесстерди критикалык интерпретациялоо формасында берилген.
  3. Көрсөтүлгөн материалдарда Кыргыз Республикасынын азыркы өкмөтүнүн жүргүзүп жаткан саясатына карата терс пикирди жаратуунун жашыруун ыкмалары камтылган.

Кайсы «белгиленген билдирүү» жана «көрсөтүлгөн материал» жөнүндө сөз болуп жатканы табышмак бойдон калууда. Корутундуда экспертиза жүргүзүлгөн материалдардын аталышы да, аларга шилтем да, конкреттүү тексттен же видеодон алынган цитата да камтылган эмес.

ТЕМА БОЮНЧА:

ЧУКУЛ КАБАР! Шаардык прокуратура «Клоопту» жоюуга арыз берди