Ош шаарынын мэриясы көмүрдү арзан баада сатуучу үч түйүн ачты

Ош мэриясы жана «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы көмүрдү арзан баада сатуу үч пункт ачты. Көмүрдүн 1 кг баасы беш сомду түзөт. 

Көмүр сатуучу түйүндөр төмөнкү даректерде жайгашкан:

  • «Амир-Тимур» мунипалдык аймактык башкармалыгы, С. Айни №80 көчөсү;
  • «Туран» муниципалдык аймактык башкармалыгынын мамлекеттик кызмат көрсөтүү бюросу (Дачи кичи району);
  • «Жапалак» айылдык аймактык башкармалыгынын Татар айылындагы Т.Уларов №13 көчөсү.

Жылыттуу мезгилине карата 25-октябрдан тартып өлкө боюнча көмүрдүн баасына 90 календардык күндүк мөөнөткө убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы 26-октябрда Ош, Бишкек жана өлкөнүн башка бардык облустарында көмүргө максималдуу бекитилген баа коюлганын билдирген. Аймактар боюнча көмүрдүн баасы, өндүрүлүп чыккан жердин (карьер) алыстыгына, казып алуу ыкмаларына, башкача айтканда, сатылуучу жайларга чейин жеткирип берүүгө, ошондой эле сактоо жана сатуу шарттарына жараша белгиленген.

Мисалы, Бишкекте «Кыргызкөмүр» менен келишим түзгөн базаларда бир тонна көмүрдүн баасы 4 700 сомду түзөт. Жеке сатуучуларда көмүр 5 500 сом турат, ал эми тандалган көмүрдүн баасы тоннасына 6 000 сомго чыгат.