Ысык-Көлдөгү аты жок мөңгүгө Шейх Заед бин Султан Аль Нахайяндын ысмы берилди

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Борду бассейининдеги Ак-Шыйрак тоо кыркасынын түндүк-батыш капталында жайгашкан № 354 аты жок мөңгүгө «Шейх Заед бин Султан Аль» географиялык аталышын ыйгаруу жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 10-ноябрда президенттин администрациясынан билдиришти

Сүрөт: Президенттик администрация.

Аталган мыйзам үстүбүздөгү жылдын 5-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган деп жазылат маалыматта. 

Шейх Заед бин Султан Аль Нахайян – Бириккен Араб Эмираттарынын негиздүүчүсү жана туңгуч президенти болгон. 

Буга чейин, 2011-жылы Бишкектен анча алыс эмес Ак-Суу капчыгайындагы деңиз деңгээлинен 4 446 метр бийиктикте жайгашкан чокуга Орусиянын президенти Владимир Путиндин аты берилген болчу

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкек: Мэрия Баткенде каза тапкан Эламан Ураимовдун атын көчөгө берүүдөн баш тартты

Эколог: Ысык-Көлдө мөңгүнүн көчкөнү климат жана глобалдык экология малесеси менен байланыштуу