Бишкек шаарында 13-ноябрь Көзү азиздер күнүнө карата биринчи жолу Blind Fest фестивалы өтөт. Кыргызстандын Азиздер федерациясынан иш-чара жөө жүрүш, спорттук оюндар жана билим берүү менен коштолорун билдиришти.
Фестивалдын масаты көзү азиздердин коомго аралашуусуна көмөк көрсөтүү жана алардын жашоосу тууралуу элдин маалыматтуулугун жогорулатуу болуп эсептелет.
![](https://i1.wp.com/ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2023/11/232253.jpg)
Жүрүштүн катышуучулары 13-ноябрда саат 12:00дө Эркиндик күлбагы менен Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишинен баштап, өкмөт үйүнө чейин басып келишет. Тынчтык жүрүшү Бишкек Парк соода борборунда жыйынтыкталат.
Саат 14:00дөн 17:00гө чейин соода борборунда спорттук жана билим берүү жайлары түзүлөт — көзү азиз катышуучулар Брайл ариби менен жазганды, тамак жасаганды үйрөнө алышат. Каалоочулар көзү азиз спортчулар менен күрөшүп, алар менен бирге чуркап, велосипед тебе алышат.
Саат 19:00дө «Шератон» мейманканасынын жыйындар залында фестивалдын жыйынтыктоочу иш-чарасы өтөт. Конференцияда көзү азиздердин толук кандуу жашоого көнүшүүсү, аларды заманбап коомго аралаштыруунун өзгөчөлүктөрү талкууланат.
«Көзү азиз адамдарга кубанычтуу көз ирмем тартуулап, алардын күч-кубаты жана жашоого болгон жайдары мамилесинен шыктанууну каалагандарды Blind Fest’ке чакырабыз. Келгиле, көзү азиздерге түшүнүп, колдоо көрсөткөн чөйрө түзөлү жана аларга түзүлгөн шарттар менен инклюзия боюнча маанилүү маселелерди көтөрөлү», — деп белгилешти Азиздер федерациясынан.