Сот Селекцияда таза суунун жоктугунан улам акцияга чыккан үч кишиге өкүм чыгарды

Сокулук райондук соту таза суунун жоктугунан улам Селекцияда нааразычылык акциясына чыгып, милиция тарабынан кармалган блогер Эртай Искаковду 50 миң сом айыпка жыкты. Бул тууралуу 20-ноябрда «Азаттык» басылмасы жазды.

Дагы эки айыпталуучу, Селекция айылынын тургундары Бакыт Балбаев менен Бактыбек Бекболотов 100 күндүк коомдук жумушка тартыла турган болду.

Үч айыпталуучу тең «Бейбаштык» беренеси боюнча акталып, «Жолдорду мыйзамсыз тосуу» беренеси боюнча айыптуу деп табылды.

Блогер Эртай Исаков (ортодогу) жана Селекция айылынын тургундары Бакыт Балбаев менен Бактыбек Бекболотов. Сүрөт: Максат Кутманбеков (RFE/RL)

Алардын адвокаттары соттун чечими менен макул эмес экенин айтып, Чүй облустук сотуна доо арыз менен кайрылышарын белгилешти.

Буга чейинки сот отурумунда прокурор үч айыпталуучуну тең беш жылга эркинен ажыратууну сураган болчу

Активисттердин камалышы

Үстүбүздөгү жылдын июль айында Селекция айылынын жана Сары-Өзөн конушунун тургундары таза суунун жоктугунан улам Түштүк магистралда акция өткөргөн. Анда жашоочулардын жол тоскону да кабарланган

Эртеси күнү укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова акцияга катышкандардын айрымдарын милиция кармап кеткенин айтып, нааразы болгон.

Сокулук райондук милициясы бул боюнча «Жолдорду мыйзамсыз тосуу» жана «Бейбаштык» беренеси менен иш козголуп, блогер Эртай Искаков жана эки тургун кармакка алынганын тастыктаган

Милициядан «жолду жабуу атайын уюштурулган» деп белгилешкен. Андан тышкары акцияга чыккан айрым тургундар да милицияга сурак берген.

Көп өтпөй Селекция айылына жана Сары-Өзөн, Арча-Бешик конуштарына таза суу кезек менен берилип жатканы кабарланган. Ал эми камалгандар октябрда үй камагына чыккан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Прокурор Бишкекте таза суу талап кылып акцияга чыккандарды 5 жылга эркинен ажыратууну сурады

Селекциядагы митинг: Сот блогер Эртай Искаковду жана эки тургунду үй камагына чыгарды