Дүйнө чемпионатына тандоо: Кыргызстандын футбол курамасы Оманды 1:0 эсебинде жеңди

21-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандап алуу оюндары өттү. Анда Кыргызстандын улуттук курамасы Оманды 1:0 эсебинде жеңди.  

Беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, жеңиш алып келген топту оюндун 49-мүнөтүндө жарым коргоочу Одилжан Абдурахманов киргизди. 

Ошентип кыргыз курамасы D тайпасындагы турнирдик тизмеде алгачкы үч упайга ээ болуп, Оман курамасын кууп жетти. Тизмеде биринчи орунда Кыргызстанды 4:3 жана Кытайды 1:0 эсебинде жеңген Малайзия келе жатат. 

Дүйнө чемпионатына тандап алуу оюндарында Кыргызстан D тайпасында Кытай, Малайзия жана Оман курамалары менен ойнойт. Кыргызстан ар бир тайпа менен өз талаасында жана алардын өлкөсүндө беттеш өткөрөт.

Келерки оюнда Кыргыстан Кытайдын Тайбей командасы менен ат салышат, оюн 2024-жылдын март айына белгиленди. 

Футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2026-жылы АКШ, Мексика жана Канаданын 16 шаарында өтөт, ага 48 курама катышат. Бул мелдешке тандоо үстүбүздөгү жылдын сентябрында башталган, 2026-жылдын мартында аяктайт. 

Дүйнө чемпионатына Азия өлкөлөрүнөн сегиз тайпа жолдомо алат. Тандоо оюндары беш этаптан турат. Кыргызстан курамасы экинчи этаптагы мелдешке катышууда. Мында 36 курама тогуз тайпага бөлүнүп ойнойт. Тайпада биринчи жана экинчи орунду ээлеген 18 команда кийинки баскычка жана 2027-жылы өтө турган Азия Кубогуна жолдомо алат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Futsal Cup 2023: Кыргыз курамасы Ооганстандын командасына бир гол айырма менен утулду

Видео: Жапаров менен Ташиевдин кыргыз футболчуларын колдогону