Өлкөдө жыл башынан бери кызамык менен ооругандардын саны 4,4 миңден ашты

24-ноябрда Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдө жыл башынан бери кызамык менен ооруган 4484 адам катталганын кабарлады.

Аталган илдет эң көп Бишкек шаарында катталып, бейтаптардын саны 1219ду түздү. Ал эми Ош облусунда — 720, Жалал-Абад облусунда — 1280, Чүй облусунда — 658, Ош шаарында — 349, Баткен облусунда — 103, Талас облусунда — 96, Ысык-Көл облусунда — 76, Нарын облусунда – 55 учур катталды.⠀

«Кызамык вирусунун активдүү циркуляциясы Бишкек, Жалал-Абад жана Чүй облустарында байкалууда, бул жерде вирустун жугушу эмделбеген балдар арасында кездешүүдө», — дешти мекемеден.

Министрликтин 13-ноябрдагы маалыматына ылайык, он айда 3618 адам кызамык оорусуна чалдыкса, алардын көбү — он жашка чейинки балдар.

Буга чейин Кыргызстанда балдар арасында кызамык оорусу күч алып, абал курч экени кабарланган.

6-ноябрда Бишкек шаарындагы Жугуштуу ооруларга каршы республикалык клиникалык ооруканада кызамык менен ооругандарга кошумча бөлүм ачылып, бейтаптар ошол эле күнү жаткырыла баштаган.

Балдар арасында өсүп жаткан кызамык жана кызылча менен күрөшүү демилгесинин алкагында быйыл илдетке каршы 755,5 миң доза вакцина алып келинип, эмдөө иштери 18-сентябрдан башталган.

Башкы беттеги иллюстративдик сүрөт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Өлкөдө кызамык менен ооругандардын жалпы саны 3600дөн ашты

«Абал курч». Өлкөдө эмделбеген балдардын арасында кызамык көп катталууда