Жапаров: Элди митингге үндөгөндөр боло берсе, базарларга тышкы башкаруу киргизебиз

5-декабрда президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине кассалык-көзөмөл машина (ККМ) боюнча кеңири маалымат берип, митингге чыгып жаткан соодагерлер тууралуу пикирин билдирди.

Ал салык түзүмүндөгү өзгөртүүлөр көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу максатында жасалып жатканын белгиледи. Анын айтымында, бийлик ККМ аркылуу өлкөдө канча товар айланып жатканын көрө алат.

«Максатыбыз — сооданы жаңы баштаган же кедейликтен чыга албай жаткан жөнөкөй соодагерлерди тез арада бутуна тургузуп, эң жок дегенде орто байлардын деңгээлине жеткирүү. Биздин милдетибиз жана максатыбыз — жакыр адамдарды жакырчылыктан чыгаруу», — деди ал.

Жапаров соода жүгүртүүсү 8 миллиондон ашпаган сатуучулар патентсиз иштесин деген ченем 15 миллионго көтөрүлгөнүн белгиледи. Ал соодегерлер ККМ орнотобу же патент боюнча иштейби 2024-жылдын июлунда белгилүү болорун айтты.

Ошондой эле өлкө башчысы базардагы соодагерлер менен жолукканда айтылган көйгөйлөрдү чечүү аракети жүрүп жатканын кошумчалады.

«Эгер улам-улам элди үндөп,  митинг кыла беришсе, алардын маселесин беш секундда чечебиз. Базарларга Өкмөттүн атынан “Кумтөргө” тышкы башкаруу киргизгендей, тышкы башкаруу киргизебиз. Тез арада баарын ревизия кылып чыгабыз», — деди ал.

Президент салык төлөбөй жүргөндөрдөн толук салык алынса, пенсия, жөлөк пул, эмгек акы мындан да эки-үч эсеге көбөйүп, эл жакырчылыктан чыгат» деп ишендирди.

Буга чейин, өлкөдөгү бир катар ири базардын ишкерлери ККМ орнотууга каршы нааразычылык акцияларына чыгышкан. Соодагерлердин башкы талабы — алар учурда иштеп жаткан патент системасын калтыруу, салык салуунун жаңы шарттарын, анын ичинде көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) милдеттүү колдонуу талабын алып салуу

ТЕМА БОЮНЧА:

«Июлга чейин тийбегиле дедим». Президент «Дордой» базарындагы соодагерлер менен жолукту