ИИМ: Өлкөдө жыл башынан бери үй-бүлөлүк зомбулуктун 11 миңден ашык учуру катталды

2023-жылдын башынан бери ИИМдин электрондук базасы үй-бүлөлүк зомбулуктун 11 миңден ашык учуру катталды. Бул тууралуу коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Таалайбек Алижанов билдирди.

Анын айтымында, баары болуп үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 539 кылмыш иши козголгон. Мындан тышкары, жыл башынан бери укук коргоо органдары 10 миңден ашык үч күндүк коргоо ордерин беришсе, андагы эрежелерди бузуу боюнча сотко 302 протокол жөнөтүлүп, 19 киши үч күндөн жети күнгө чейин камакка алынган.

«Белгилей кетсем, мыйзамда милицияга жабырлануучу эле эмес, ар бир жаран:  үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө билген адам, өтүп бараткан киши, жабырлануучунун кошуналары, туугандары кайрыла алат деп каралган. Баарына кайрылат элем, ачык айтып чыккыла. Эгер үй-бүлөлүк зомбулукту көрүп, угуп, билсенер, кабарлагыла», — деди Алижанов.

Ал жыл башынан бери коомдо чуу жараткан 20дан ашык үй-бүлөлүк зомбулук учуру катталганын белгиледи — жабырлануучулардын 95%ы аялдар болгон.

Кыргызстанда аялдарга карата зордук-зомбулук

Кыргызстанда жыл сайын үй-бүлөлүк зомбулуктун миңдеген учурлары катталып, жабырлануучуга берилген коргоо ордеринин саны жыл сайын көбөйүүдө. Акыркы үч жылда өлкөдө коргоо ордерин алган 8,5 миңден ашуун адам катталган.

Агрессорду мыйзам чегинде жазалоо абдан татаал — көпчүлүк кылмыш иштери айып пул төлөө же коомдук жумуштарга тартылуу менен чектелет. Ошондуктан сот жообуна тартылбай турганын билген агрессор аялды өлтүрүп да коюшу мүмкүн.

«Клооптун» журналисттеринин Кыргызстандагы фемицид тууралуу изилдөөсү көрсөткөндөй, дайыма болуп турган үй-бүлөлүк зомбулук аялдардын күйөөлөрү, жарандык никедеги чогу жашаган адамдары же мурдагы өнөктөштөрү тарабынан өлтүрүлүшүнө алып келет. 

Ал эми аялдардын күйөөсү, жарандык никедеги чогу жашаган адамы же мурдагы өнөктөшү тарабынан өлтүрүлүшү фемицид деп аталат.

2023-жылдын октябрында Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) 177 өлкөнүн арасынан 95-орунду ээлеген. Бул көрсөткүч Кыргызстан экинчи жыл катары менен Борбор Азия чөлкөмүндөгү аялдар үчүн эң кооптуу өлкө болуп атканын айтып турат.

Ошого карабай айрым аткамитерлер үй-бүлөлүк зомбулук өлкөдө сейрек кездешкен көрүнүш деп эсептейт. Мисалы, президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков. Ал зордук-зомбулуктун көбөйгөнү тууралуу статистиканы «кызыктар тараптардын саясаты» деп атаган.

ТЕМА БОЮНЧА: 

Бир график менен: Орунбековго өлкөдө аялдар тынымсыз сабаларын түшүндүрөбүз