Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсүн өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча кол топтоо башталды

Асел Ногойбаеваны мыкаачылык менен бычактаган мурдагы күйөөсүн өмүр боюу эркинен ажыратуу үчүн change.org сайтында кол топтоо башталды.

«Аселге жардам» инстаграм барагында Ногойбаеванын иши боюнча сот отуруму 9-январда болору, ошого дейре айыпталуучуну өмүр бою абакка кесүү үчүн жетиштүү кол топтоо керек экени айтылат.

36 жаштагы Асел Ногойбаева кордолгону тууралуу 20-сентябрда белгилүү болгон. Окуя Чүй облусунун Селекция айылында болуп, жабырлануучу ошол эле күнү бети кесилген абалда Улуттук госпиталга жаткырылган.

Бул боюнча милиция «Денеге оор залал келтирүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, жабырлануучунун 39 жаштагы мурдагы күйөөсүн кармаган.

Ногойбаева окуя болгонго чейин мурдагы күйөөсүнүн «зордук-зомбулугуна» арызданып, укук коргоо органдарына эки ирет кайрылганы белгилүү болгон, бирок зөөкүр соттолбой, пробациялык козомөл менен эркиндикте калган.

27-сентябрда Чүй облустук соту айыпталуучуну пробациялык көзөмөлгө алуу чечимин жокко чыгарып, аны зордуктоо иши боюнча 8 жылга эркинен ажыраткан.

Ногойбаеванын мурдагы күйөөсү тергөө абагында отуруп алып да аны коркутуп, кат жолдоп жатканы кабарланган. Айыпталуучу абакта «түбөлүк отурбасын, жакында эркиндикке чыгарын» жазып эскерткен.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Түбөлүк отурбайм, чыгам». Асел Ногойбаеваны мурдагы күйөөсү абактан коркутуп жатат 

Президент Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсүн бошоткон судьяны иштен алды