Кинодо, телевидениеде чылым чегүүнү чагылдыргандарга айып салуу сунушталды

Саламаттык сактоо министрлиги кино, мультфильм, телеберүү жана театралдык көрсөтүүлөрдө тамеки чегүүнү чагылдыргандарга айыппул: жеке жактарга 13 миң сом, ал эми юридикалык жактар менен жеке ишкерлерге 35 миң сом салууну сунуштады. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

Ал эми балдарга делген берүүлөрдө жана программаларда тамеки чегүү көрсөтүлсө, айып пул 15 миң сом, ал эми юридикалык жактарга 40 миң сомго чейин көбөйтүлөт.    

Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлиги коомдук жайларда тамеки жана электрондук тамеки, кальян жана электрондук никотин ташуучу системаларды чеккендерге 1000 сом айып салууну көздөп жатат.   

Андан тышкары, мыйзам долбоорунда курамында тамеки жана никотин бар продукцияларды каржылаган жана аларды сатууга «түрткү бергендерге» айып салуу сунушталат.  

Буга кошумча, документте тамеки чегүүгө болбойт деген белгини орнотуу жана тамекини уруксат берилбеген жайларда сатуу үчүн да айып салуу салуу жөнүндө сөз болот.    

«Жогорудагы боштуктар бүгүнкү күндө Мыйзамдын ченемдерин массалык түрдө бузууга жол берип, жоопкерчиликке тартылбайт, ошол эле учурда Кыргыз Республикасында баланын жогорку кызыкчылыктарын камсыз кылуу принциби колдонулуп, Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ар бир адам өмүрү жана ден соолугу үчүн жагымдуу экологиялык чөйрөгө укуктуу», — деп айтылат документтин маалымкат негиздемесинде. 

Кыргызстанда коомдук жайларда тамеки, электрондук тамеки чегүүгө, анын ичинде кальян жана башка кошулмаларды тартууга тыюу салынган. Президент Садыр Жапаров тиешелүү мыйзамга 2021-жылдын сентябрында кол койгон. Бирок аталган мыйзамда электрондук тамеки чегүүдөгү нормаларды бузгандарга эч кандай санкция каралган эмес.