Tергөөчүлөр Махабат Тажибек кызынын уулунун туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн тартып алышты

Тергөөчүлөр тинтүү учурунда Temirov Live командасынын башчысы Махабат Тажибек кызынын уулунун туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн тартып алышкан. Бул тууралуу «Клоопко» адвокат Улан Сейитбеков билдирди.

Сейитбековдун айтымында, буга чейин баланын документин кайтарып берүүнү талап кылган сурамга эч кандай жооп болгон эмес. Тергөөчүлөр баланын документин эмне себептен алып койгону адвокатка белгисиз.  

«Ал жерде тергөөчүлөр көп, бири-бирине шылтап жатышат, ошондуктан жооп ала албай жатабыз», — адвокат.

Ал эми Тажибек кызынын күйөөсү, иликтөөчү журналист Болот Темиров тергөөчүлөр баласынын күбөлүгүн алып, аны балдар үйүнө өткөрөбүз деп коркутуп жатышканын айтты.

«Мен уулумдун туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн тез арада кайтарып берүүнү талап кылам. Мындай сурам өткөн жумада эле берилген», — деп жазды Темиров.

Махабат Тажибек кызы менен Temirov Live командасынын камакка алынышы 

16-январдын таңында милиция бир нече журналисттин үйүндө тинтүү жүргүзүп, кийин аларды камакка алган. Бардыгы болуп Temirov Live, «Айт Айт десе», «Алга медиа», «Арча медиа» жана «ПолитКлиниканын» 11 журналистти кармалган. Алардын баарын сот эки айга ТИЗО-1ге киргизген — тогуз кишиге «Массалык башаламандыкка чакыруу» беренеси менен иш козголуп, ал эми Temirov Live жетекчиси Махабат Тажибек кызы менен Азамат Ишенбековго «башаламандык уюштуруу» беренеси менен айып тагылган. 

Кыргызстандын медиакоомчулугу жана парламент депутаттары — алардын ичинде Тазабек Икрамов менен Дастан Бекешев журналисттердин кармалышын сынга алышкан. 

Бир катар Эл аралык укук коргоо уюмдары Кыргызстандын бийлигин журналисттерге карата кылмыш иштерин токтотууга чакырган. Документте ЖМКларга карата кылмыш иштери Кыргызстандагы сөз эркиндигине каршы күчөгөн кампаниянын шартында башталып, «көз карандысыз ЖМКлардын арасында коркуу атмосферасын күчөтүшү мүмкүн экендиги» айтылат.

Президент Садыр Жапаров бул кармоолор боюнча комментарий берип жатып, кармалгандар кесипкөй журналисттер эмес, «социалдык тармактарды колдонуп, жоопкерчиликсиз түрдө ар кандай маалыматтарды, анын ичинде өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч жараткан блогерлер» деп билдирди.

Дагы окууңуз: Эки жумадан ашык убактылуу кармоочу жайда кармалып турган 11 журналист ТИЗОго которулду