5-февралда блогер Батмакан Жолболдуева Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө дубалдар көгөрүп, шарттары начар экенин айтып чыккандан кийин оңдоп-түзөө иштери жүрдү. Бул тууралуу Жолболдуева фейсбуктагы баракчасына жазды.
![](https://i1.wp.com/ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2024/02/Batken-oorukana-e1707214104287-300x196.jpg)
Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги «Клоопко» блогер тараткан сүрөттөр өткөн жылы тартылганын, андан бери бөлүмдөр оңдоп-түзөөдөн өткөнүн билдирген болчу.
Бирок Батмакан Жолболдуева сүрөттөр быйыл 4-февралда тартылганын тастыктаган.
![](https://i1.wp.com/ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2024/02/d367849b-9bc6-4577-bab9-3b2fa447991a-e1707213161658-205x300.jpg)
Кийинчерээк Баткен облустук ооруканасынан блогердин айткандарын төгүндөй алышкан жок. Оорукананын директору Талант Абдрашитов «Клоопко» аталган имаратка 55 жыл болгонун жана 2023-жылдан тарта «көптөгөн оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөнүн» билдирди.
«Оорукананын негизги 2 кабаттуу имараты 1978-жылы, 3 кабаттуу имараты 1981-жылы, ал эми жугуштуу оорулуулар бөлүмү 1968-жылы курулуп пайдаланууга берилген. Капиталдык ремонт кылмайынча, жамаган менен кайра эле урай берет. Ураган сайын оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп турабыз», — деди Абдрашитов.