Кыргызстан-Кытай өлкөлөрү ортосунда виза берүүнү жөнөкөйлөштүрүү талкууланды

19-мартта Кытайдын Циндао шаарында Кыргызстандын Тышкы иштер министирлиги менен Кытайдын ТИМинин консулдук консультациялары болуп өттү. Анда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык жана биргелешкен иш аракеттер талкууланды.

Маалыматка ылайык, туризим, бизнес жана маданий байланыштарды чыңдоо максатында эки өлкөнүн жарандары үчүн виза берүүнүн жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү жана тездетүү маселеси көтөрүлдү. Ошондой эле, эки өлкөдө соттолгон жарандарды мекенине которуу маселеси да козголду.

Өткөн жылы октябрда минкаб Кытайдын жарандарына — Гонконг жана Макаонун резиденттери үчүн визасыз режимди киргизүү жөнүндөгү чечимди кабыл алган.