⚡️УКМК ырчы жана активист Аскат Жетигенди эки айга камакка алды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ырчы жана активист Аскат Жетигенди 19-майга чейин камакка алды. Бул тууралуу «Азаттык» басылмасы билдирди.

Ырчынын адвокаты Венера Буудайбекова ырчыга 15-мартта фейсбук баракчасына жарыялаган кайрылуусу боюнча «Массалык баш аламандыктар» беренесинин негизинде дагы бир эпизод боюнча кылмыш ишин козголгонун айтты.