«Кемпир-Абад ишинин» фигуранты, саясатчы Кубанычбек Кадыров үй камагына чыкты

Мындай чечимди 20-мартта Бишкектин Бирини Май райондук соту чыгарды. Кадыров 20-майга чейин үй камагында болот.

Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан 30га чукул активист, саясатчы 2022-жылдын октябрында кармалган. Аларга «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып тагылган.

Кармалгандардын баары Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүн ачык сынга алышкан, алар дал ошол ачык айтылган сөздөрү өздөрүн камакка алууга негиз болгон деп келишет. Сот айрым саясатчылар үй камагына чыгарса, кээ бирин абакта калтырган.