Жапаров: Сууну жана энергетикалык ресурстарды ары сарамжал, ары туура пайдалануу башкы максатыбыз

21-мартта Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында президент Садыр Жапаров Нооруз майрамына карата куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Анда өлкө башчысы климат өзгөрүп, суу тартыш болуп жатканын айтып, ГЭСтер маселесине токтолду.

«Ата-бабаларыбыз “Суу сыйлаган зор болор, суу кордогон кор болор” деп суунун баркын эчак эле эки сөз менен таасын белгилеп коюшкан экен. Ошондуктан өлкөбүздүн башкы жаратылыш байлыгы сууну жана энергетикалык ресурстарды ары сарамжал, ары туура пайдаланууну башкы максатыбыз. Борбор Азияда суу башы атыккан мамлекетибизде быйыл ГЭСтердин кубаттуулугун арттыруу, [...] жаатында дагы бир топ натыйжалар күтүлүүдө. Буюрса, жакында “Бала-Саруу” чакан ГЭСинин ачылышын жасайбыз», — деди өлкө башчы.

Ошондой эле, президент коңшу мамлекеттер үчүн дагы мааниси зор «Камбар-Ата-1» ГЭСин куруу долбоору быйыл конкреттүү иш-чаралар менен коштолоорун билдирди.