Бийликчил активист Бекзат Өмүрбеков үй камагына чыкты

Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды. Судья 20-мартта райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсүнүн арызын канааттандырды.

Бекзат Өмүрбеков 2-мартта кармалган. ИИМдин маалыматына ылайык, ал өлкө жетекчилиги менен байланшы бар экенин айтып, жергиликтүү тургундун бирин жетекчилик кызматка орноштурам деп убадалап, 50 миң доллар алган. Ал алдамчылыкка айыпталып, абакка киргизилген.

Өмүрбеков коомчулукка бийликтин тарапташы катары белгилүү. Ал бир нече ирет соцтүйүндө олко жетекчилигин активдүү колдоорун билдирген.