ТИМ: Орусиядагы теракттан кийин изделип жаткан кыргызстандык кыздар каза болду деп маалымат таратуу эрте

26-марттан 27-мартка караган түнү Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги «Крокус Сити Холлдогу» теракттан каза болгондордун тизмесин жаңылады.

Анда изделип жаткан кыргызстандык эки кыздын аты-жөнү да бар: 24 жаштагы Эдита Жусупова жана 20 жаштагы Майза Гүлжигит кызы. Буга чейин алар дайынсыз жоголгондордун тизмесинде болчу.

Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыздарды каза болду деп маалымат таратуу эрте экенин билдирди.

«Кыргызстандын эки жараны каза болду деп маалымат таратуу эрте. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сайтына жарыяланган тизмеде генетикалык экспертизасы бүтө элек жарандардын, анын ичинде Кыргызстандын жарандарынын аты-жөнү камтылган. ДНК изилдөөлөрдүн жыйынтыгы чыга элек», — дешти минитсрликтен.

22-мартта Москванын жака белиндеги «Крокус Сити Холлдо» теракт болуп, кеминде 139 адам мерт кеткен.