Улуттук банк чек ара жаңжалында жабыркаган баткендиктер үчүн берилген жеңилдиктерди узартты

Чек ара жаңжалында жабыркаган баткендиктерге берилген жеңилдиктер 2024-жылдын 30-сентябрына чейин узартылды.

Негизинен, банктар кредиттерди кечкенге, учурдагы кредиттер боюнча мөөнөттөрүн узартып бергенге, комиссиялык төлөм жана штарфтардан бошотууга жардам беришет.

Буга чейин Улуттук банк чек ара жаңжалында жабыркаган баткендиктердин 36 млн сомдук насыясы жокко чыгарылганын билдирген.