Бишкекте мурдагы аялын өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелип 35 жаштагы тургун кармалды

4-апрелде милицияга Бишкектин Кут конушунда 34 жаштагы аялдын каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

ИИМден билдиришкендей, аталган факт Биринчи май РИИБде катталып, «Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 35 жаштагы тургун кармалган.

Учурда бардык тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

Укук коргоочу Назгүл Турдубекованын айтымында, аялды мурдагы күйөөсү тынымсыз аңдып жүргөн.

«Күйөөсү ичип алып, сабачу. Жашоо шарты оор болчу. Биз ага бардык кыйынчылыктарды басып өтүүгө, үй курууга жардам бердик. Сиздердин көбүңүздөр жардам бергенсиздер. Аны дайыма мурдагы күйөөсү аңдып жүрчү. Кече келип бир нече жолу бычактап салгандан кийин, ал каза болуп калды», — деп жазды укук коргоочу.

Сүрөт: «Акипресс»