Президент депутаттын койгон айыптары тастыкталса, саламаттык министрин жазалоону убада кылды

Президент Садыр Жапаров Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге тагылган айыптарга комментарий берди. Буга чейин депутат Жусупбек Коргонбай уулу министрдин уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар экенин айтып, мыйзамсыз баюуга жана алдамчылыкка айыптаган.

Жапаров Бейшеналиевди «Досум да, “братым-сватым” да эмес» деп белгиледи.

«Мен [Бейшеналиевди] жакшы иштеген, коррупция менен уурулуктарга каршы күрөшүүдө тайманбаган министр болгону үчүн кармап жүрөм. “30 жылдан бери Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги уюп калган коррупциялык системаны талкалап жок кыласың, карапайым эл үчүн жакшы шарттарды түзүп бересиң” деп шарт койгом. Колунан келишинче аткарып жатат. Ага каршылыктар абдан күч экенин баарыбыз жакшы билебиз. Мен бул эле министрди коргоп аткан жокмун. Коррупцияга каршы күрөшкөн, уурулуктарды токтоткон бардык министрлерди коргойм», - деди Жапаров.

Ошол эле учурда Жапаров коюлган айыптар тастыкталса, министр жазага тартыларын айтты.

«Эгерде депутат айткандай [Алтын Балалык реабилитациялык борборунун курулушуна бөлүнгөн] акчаны уурдаганы аныкталса, биз аны жазалайбыз, төлөтөбүз. Биз бир дагы министрди коррупциясы же уурулугу үчүн коргогон эмеспиз жана коргобойбуз. Буга чейин канчалаган министрлер кетишти. Канчасы камалып чыкты, көрүп эле атпайсыңарбы», — деди президент.