Бишкек: Катуу шамалдын кесепетинен келтирилген зыян болжолу 16 млн сом деп эсептелди

Бишкек шаарында 28-март күнү болгон катуу шамалдан улам келтирилген зыян болжолдуу түрдө 16 миллион 749 миң сом деп эсептелди. Бул тууралуу Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын жыйынтыгына таянып борбор калаа мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Шамалдын кесепетинен 10 киши жабыркаганы айтылды. Андан тышкары, 114 бак кулап, 13 унаа жабыркаган. 101 имараттын чатыры бузулган — анын 37си социалдык обьект, 54ү турак үй. Ошондой эле, троллейбус линиялары бузулуп, 10 участокто сырткы жарык берүү линиялары үзүлгөн.

Мекемеден шамалдан жабыркаган аймактарды изилдөө жана кесепеттерин аныктоо үчүн мобилдик топтор уюштурулуп, күчөтүлгөн режимде иштегенин белгилешти. Ал эми табият кырсыгынан улам аймакка киргизилген өзгөчө режим 4-апрель күнү алынды.

28-мартта Бишкек шаарында секундасына 18-26 метрге жеткен шамал болгон. Соцтармакта чатырлар учуп, дарактар унааларды басып калган видеолор тараган.