‼Коррупция кылганын моюндаган мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдон 200 млн доллардай каражат алынат

Бул тууралуу 5-апрелде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Азаттыктын» коррупцияга каршы күрөш тууралуу суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Андан сырткары, Матраимов жакында эле 16 млн долларлык мүлкүн өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүп бергенин айтты.

«Мурдагы күнү Матраимовдун бир кеңсесин 16 млн долларга саттык. Азырынча ал өз ыктыяры менен өткөрүп берди. Азыр иштеп жатабыз, сот органдары жана өз ыктыяры менен биздин эсептегенибиз боюнча 200 млн доллардын тегерегинде алышыбыз керек. Ал бир нече кишиге кайра сатып жиберди же каттатты делген мүлктөрүн дагы алабыз. Мунун баары сот органдары аркылуу ишке ашырылат», - деди Ташиев.

УКМК башчысы учурда кримтөбөл Камчы Көлбаевдин мүлктөрү боюнча дагы иш жүрүп жатканын кошумчалады. Буга чейин Ташиев соңку үч жылда коррупцияга каршы күрөштөн жалпы 100 миллиард сомдон ашык акча өндүрүлгөнүн билдирген.

«Эркиндиктен мыйзамсыз ажыратуу» жана «Кылмыштуу кирешелерди адалдоо» беренелери менен шектелип жаткан Райымбек Матраимов 25-мартта Азербайжандан кармалып, Кыргызстанга алып келинген. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 26-апрелге чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилген.