Шашылыш билдирүү: Тоолуу аймактарда жана унаа жолдордо кар көчкү түшүшү мүмкүн

6-8-апрель күндөрү күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу, өлкөнүн тоолуу аймактарында жана унаа жолдорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу 5-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин фейсбук барагына жарыяланды.

Кыргызгидромет кооптуу аймактардын тизмесин жарыялады. Алар, Ош унаа жолунун 121-138 чакырымы, Төө-Ашуу, Чычкан капчыгайынын 198-255 чакырымы, Ала-Бел ашуусу. Андан тышкары, Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 74-107 чакырымдары, Ала-Бука — Каныш-Кыя — Кызыл Адыр унаа жолунун 71-74 чакырымдары, Чапчыма ашуусу дагы аталды.

Мекемеден алыскы жолго чыккан айдоочуларга дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк жана ысык суу, жол азыгын, дары-дармек кутучасын алуу сунушталды. Аны менен катар, унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.