Сокулук РИИБинде шектүү асынып алган убактылуу кармоочу жайдын камерасында видеокөзөмөл болгон эмес

2-апрелде «Акыйкатчы» институтунун кызматкерлери алдамчылыкка шектелип кармалган 41 жаштагы тургун асынып алган камераны текшеришкен. Мааламытка ылайык, убактылуу кармоочу жайдын башка камераларында видеокөзөмөл болгон.

Милиция кызматкерлери институттун кызматкерлерине маркум эмне үчүн аталган убактылуу кармоочу жайда кармалып турганын айтышты.

«1-апрелде райондук милициянын убактылуу кармоочу жайынын кызматкерлери кармалгандарды Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына алып кетүүнү пландашкан, алардын арасында асынып алган тургун да болгон. Бирок анын жанында өздүгүн тастыктаган документтери болбогондуктан №1 тергөө абагына алышкан эмес», — дешти укук коргоочулар.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева укук коргоо органдарын убактылуу кармоочу жайларда камактагы адамдардын укуктарын коргоо боюнча чараларды көрүүгө чакырды. Ал ошондой эле тергөө абагында адам укуктарын бузууга жол берген аткаминерлерге чара көрүүнү өтүндү.