Окуучулар арасында акы төлөнүүчү олимпиадаларды өткөрүүгө тыюу салынды

Министрликтин 5-апрелиндеги буйругуна ылайык, эми олимпиадалар атайын буйрук менен бекитилген жобонун негизинде гана өткөрүлөт.

«Буйрукту аткарбаган райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн, облустук усулдук билим берүү борборлорунун, жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери жоопкерчиликке тартылат», — дешти министрликтен.