Шевченко чемпиондук титулун ийгиликтүү коргогону үчүн UFC’нин жети курун алды

«Рахмат UFC! Бардык курум мени менен. Чемпиондук курумду коргогон ар бир турнир. Жети кур тең үйүмдө», — деп жазды мушкер айым.

Шевченко UFC’нин чемпиондук титулун 2018-жылдан бери катары менен жети ирет коргогон. Мушкер айым өткөн жылы мексикалык спортчу Алекса Грассого жеңилип берип, кийинки беттеш тең чыгуу менен аяктаган.

Шевченко 2021-жылы UFC’нин жаңыланган рейтингинде аялдардын арасында салмак категорияларына карабастан эң мыкты мушкер айым деп таанылган. Ал эми Fighters Only журналынын жыйынтыгы менен ал 2022-жылдын мыкты мушкер айымы наамына татыган.