Бишкекте тапанча көтөрүп каракчылык кылган топ кармалды. Арасында жашы жете электер бар

Арыз ээси белгисиз кишилер Логвиненко көчөсүндө кетип баратканда тапанча менен коркутуп, 20 миң сомго бааланган iPhone 12 телефонун жана банк карталарын күчтөп тартып алышканын айткан.

Факты боюнча «Каракчылык» беренеси менен иш козголуп, көп өтпөй шектүүлөр колго түшкөн.

Кармалгандар 32 жаштагы С.И, 16 жаштагы Б.А, жана 18 жаштагы А.Д. экени айтылды.

Кармоо учурунда шектүүлөрдүн жанынан уюлдук телефон менен белгисиз маркадагы тапанча табылды дешти милициядан.

Тергөө уланууда.