ЖК бала бакчаларда баланын тамагын ата-энеге төлөткөн ченемди четке какты

2023-жылдын декабрында билим берүү жөнүндө жаңы мыйзамдын редакциясына ылайык, мамлекет бала бакчаларда балдардын тамагын төлөп берүүнү токтотору, бул милдет толугу менен ата-энелердин мойнуна жүктөлөрү белгилүү болгон. Бул маселе кеңири талкууланып, айрым депутаттар бул ченемди жокко чыгарууну талап кылышкан.

Буга минкаб төрагасынын орун басапы Эдил Байсалов бул «социалдык адилеттүүлүк маселеси» деп жооп берген. Ал бала бакчаларга адатта бардар үй-бүлөлөрдүн балдары барат жана мамлекет аларды өз эсебинен бакканга милдеттүү эмес деп айткан.