Рамиз Алиев Бишкек шаарынын мэринин орун басары болуп дайындалды

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, Алиев өз каалоосу менен кызматынан бошотулган Турак жай-коммуналдык чарба боюнча мэрдин орун басары Жыргалбек Шамыралиевдин ордуна дайындалды.

Рамиз Алиев буга чейин «Тазалык» муниципалдык ишканасын жетектеп, соцтармактарда иши тууралуу айта баштаганы менен коомчулукка кеңири таанылган.

Анын «блогердик» ишмердүүлүгү Бишкек шаардык кеңешинин жана Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан бир нече ирет сынга алынып, ал тургай борбор калаанын мэри анын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алуу боюнча маселе көтөргөн.