Бишкек: 400дөн ашык чет элдик студенттин жумушу токтотулду

Маалыматка ылайык, мындай чаралар чет өлкөлүк студенттердин катышуусунда жол кырсыктарынын көбөйгөнүнө байланыштуу жана алар аралашкан кылмыштарды алдын алуу жана аныктоо үчүн жасалып жатат.

12-апрелден бери Бишкек милициясынын Мыйзамсыз миграция жана экстремизмге каршы аракеттенүү кызматы ар кайсы чөйрөдө иштеген чет өлкөлүк жарандарды текшеришти. Кыргызстандын аймагында жашоо же иштөө эрежелерин бузгандар үчүн 225тен ашык протокол түзүлүп, 1 млн 248 миң 500 сом өлчөмүндө айып салынды.