⚡БШК президентке Свердлов округунда кезексиз шайлоо дайындоону сунуштайт

Мурда бул округдан Шайлообек Атазов шайланып келген. Бирок сот аны депутаттык мандаттан ажыраткан. Бишкектин Администрадивдик жана шаардык соттору БШК аталган округ боюнча Абдурахманхаджи Муртазалиевди ЖК шайланган депутат деп тааныганга милдеттүү деп чечкен.

Кийин Атазов бул чечимдер боюнча Жогорку сотко даттанып, башкы сот Атазовду мандаттан ажыратуу жөнүндө пунктту күчүндө калтырган. Бирок өкүмдө БШК мандатты Муртазалиевге өткөрүп бериши керектиги айтылган эмес.

Муртазалиев болсо Боршайкомду сот чечимдерин аткарбай жатат деп айыптоодо. Мурдараак ал БШКнын үстүнөн Башкы прокуратурага арызданганы белгилүү болгон. Башпрокуратура болсо жагдай боюнча үн ката элек.