Депутаттар Ататүрк паркындагы үйлөрдү сүрдүрүүгө каршы чыгып, мунапыс берүүнү сунушташты

«Андыктан 20-майда 198 объект сүрдүрүлөт деген туура болбой калат. Аларга салыкты көбүрөөк кылып белгилеп койсо болот. Бул үчүн ошол убакта бийликте отуруп, жер бергендер жооп берсин», — деп белгиледи ал.

Кесиптешин эл өкүлү Жалолидин Нурбаев да колдоду. Ал паркта жер мунапысын жарыялоону сунуштады.

«Адамдар аябай тынчсызданып атат. Адамдын тагдыры менен ойногон болбойт. Чогулуп, компромисске келсе болот. Буга чейин президент Садыр Жапаров жерге мунапыс жарыялаган. Мүмкүн муну бул тургундарга да кылсак болот?» — деп кайрылды ал президенттин жаны минкабдын парламенттеги өкүлүнө.

Буга чейин Бишкек мэриясы Ататүрк паркындагы мыйзамсыз объектилер 20-майда сүрдүрүлүп баштарын билдирген. Мэр Айбек Жунушалиева тийиштүү кызматтардын жетекчилерине сот аргандарына арыздарды тапшырууну табыштаган.

12-апрелде мэр Ататүрк паркынын аянтын 1992-жылдагы калыбына келтирүү жөнүндө токтомго кол койгон. Шаар бийлиги паркка 43 гектар жерди кайтарып, мыйзамсыз курулган 100дөн ашуун объектти сүрдүрүү пландалып жатканын билдирген.