ЖК: Шайлоодо иштеген үгүтчүлөрдүн санын азайтуу каралган мыйзам долбоору колдоо тапкан жок

Колдонуудагы мыйзамга ылайык, саясий партиялардын үгүтчүлөрүнүн саны 10 миңден, ал эми бир мандаттуу округдун талапкерлериники 500дөн ашпашы керек. Авторлордун пикиринде, азыркы чектөө үгүт иштерин ашыкча жүргүзүүгө шарт жана талапкерлер үчүн теңдешсиз абал жаратышы мүмкүн.

Бирок талкуу учурунда депутат Дастан Жумабеков партиялар жана бир мандаттуу округдун талапкерлери үгүтчүлөрдүн санын өздөрү аныкташы керектигин айтты. Ал эми Исхак Масалиев үгүтчүлөрдүн санын округдагы шайлоочулардын санына жараша пайыз менен аныктоону сунуштады. Добуш берүүнүн жыйынтыгында мыйзам долбоору четке кагылды.