КЭУнун ректору: Бишкектеги окуядан кийин 1,2 миң студент мекенине кайтты

Ал КЭУда жалпысынан чет өлкөлүк 3000 чукул студент билим аларын, алардын 90%ы Пакистандын жарандары экенин айтты.

«Биз аларга [кеткенге] уруксат бердик. Калгандары азырынча бул жерде. Жогорку курста окугандар Кыргызстанда калышты», — деди ал.

Анын айтымында, чет элдик студенттер «азыр стресске кабылып, окуй албай турушат».

«Жанагынчасы кирип келип, сабап атышса, коркуп калышыптыр. Каршылык көрсөтөбүз деген эки студент азыр бизде ооруканада. [...] Ушундай реакцияны биринчи көрүшүм. Эмнеден улам чыкты? Жакшы териштириш керек эми. Албетте, бул бизге катуу сокку болду. Быйыл кабыл алуу болобу (билбейм). Эми Пакистанга делегат жиберип, ошол жерден ишендириш керек болот окшойт», — деп белгиледи ал.

Айдаралиев кеткен студенттер кайра Кыргызстанга келип, окууларын улантарына үмүт кыларын айтты.