26-апрелде БШК болсо сот Мадумаровду күнөөлүү деп тапканы үчүн аны мандаттан ажыраткан. Саясатчы Боршайкумдун бул чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна арыз берген.
Мадумаров өткөн жылдын 2-сентябрда ИИМ тарабынан кармалып тергөө абагына киргизилген. Ага коюлган «Мамлекеттик чыккынчылык» бернеси кийин «Бийликтен аша чабуу» беренесине алмаштырылган. Андан тышкары депутатка «Алдамчылык» беренеси менен да айып тагылган.
26-мартта Биринчи май райондук соту Мадумаровду күнөөлүү деп таап, бирок кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу өкүм чыгарган эмес. Депутат абактан бошотулган.