Студенттер дагы деле кетип жатат. Бүгүн Бишкектен Пакинстанга сегиз каттам пландалып жатат

Бүгүн Кыргызстандан Пакистандын канча жараны мекенине кайтары белгисиз. Кечээ абалга байланыштуу Кыргызстандан 670 студент жана жумушчу учуп кеткени кабарланган.

13-майда бир нече кыргызстандык чет өлкөлүк студенттер менен мушташып, алардын телефон жана акчаларын тартып алышкан. Мушташтын видеосу соцтүйүндөрдө таркап, бул 18-майда улуттар аралык толкундоолорго алып келген, натыйжада бери эле дегенде 41 адам жабыркаган. Жабыркагандардын арасында чет өлкөлүктөр бар.