Ошто 1-июндан тарта «Коопсуз шаар» долбоору тесттик режимде ишке кирет

Бул тууралуу 28-майда шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, биринчи этапта шаарда 44 жерге көзөмөлдөөчү камера орнотулган. Азырынча аталган долбоор пилоттук негизде иштеп, айдоочуларга айып пул салынбайт.

«Жол чийимдери 2-этапта ишке ашып, бир гана жолдун кесилишиндеги камералардын тегерегине гана чийилет. Шаардын ичиндеги жолдун баарына чийилет деп ойлобогула. 1-этапта ылдамдыкты азайтуучу камералар коюлду, бирок жолдордун кесилиштерине коюла элек», — деди «Алай-Импэкс» ишканасынын директору Уткирбек Умаров.

Өткөн жылы октябрда Ош шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы «Коопсуз шаар» долбоорунун камераларын сатып алууга 2,5 млрд сомдук тендер жарыялаган.

«Коопсуз шаар» долбоору өлкөдө 2019-жылдан баштап иштей баштаган. Долбоор «тейлөө моделине» ылайык ишке ашырылган. Бул аткаруучу бардык техникалык инфраструктураны өз алдынча орнотот жана тейлейт, камералардын иштөөсүн жана коопсуздугун көзөмөлдөйт дегенди билдирет.