Парламент уран казууга уруксат берген мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды

Жаратылыш ресурстары министри Мелис Тургунбаев мыйзам долбоорунун максаты «уран же торийди казуу эмес экенин» айтып, долбоор кабыл алынса «өлкөнүн экономикасына оң таасир этерин» билдирди.

Ал эми депутат Чыңгыз Айдарбеков бул Кыргызстанга жана Ысык-Көлгө «туристтердин келүүсүн токтотуп, экологияга терс таасир этип, экономикага эбегейсиз зыян алып келерин» белгиледи.

Уран жана торийди казууга тыюу 2019-жылы Кызыл-Омпол кенин иштетүүгө каршы нааразылык акцияларынан кийин киргизилген. Аны алып салуу идеясы минкабга таандык. Алар 2020-2023-жылдардагы экономикалык башаламандыктан кийин өлкөгө башка киреше булактары керек деп эсептейт.

Буга чейин бийлик Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол кенин торий жана уран кендери менен иштетүүгө ниеттенип жатканын билдирген.