УКМК: Ошто 41 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Маалыматка ылайык, Ноокат райондук администрациясынын айрым кызмат адамдары тиешелүү трансформациялоо иштерин жүргүзбөстөн, аталган айыл чарба багытындагы жерлерди жергиликтүү калкка жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берген.

Окуя боюнча «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бир катар кызмат адамдары, анын ичинде мурдагы жетекчилер жоопкерчиликке тартылды.

Ошондой эле, атайын кызматтан айрым кызмат адамдарына УКМКнын тергөө абагына камакка алуу баш коргоо чарасы тандалып алынганын кошумчалашты.