Жогорку Кеңеш «Кыргызстандын киберкоопсуздугу жөнүндө» мыйзам долбоорун кабыл алды

УКМКнын төрагасынын орун басары Абдыкадыр Разаевдин айтымында, бул мыйзам долбоору интернетте элди алдоого багытталган жасалма интеллекттин жардамында жасалган киберкылмыштардын алдын алууну көздөйт.

Депутат Дастанбек Жумабеков соцтармактарда президенттин, өкмөт адамдарынын интервьюлары колдонулуп, алардын жасалма үнү менен ар кандай финансылык чакырыктар тарап жатканын айтты.

«Муну биздин карапайым эл көрүп жатат да, “президент же минкаб ушундай сунуштарды берип жатат, жакшы экен” деп туруп, ойлору башка жакка кетип, ишенип калышы мүмкүн», — деди эл өкүлү.

Адбыкадыр Разаев мындай маселе Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзүндө орун алганын айтып, тиелешүү органдар иш алып барып жатканын билдирди.

Ал эми депутат Кубанычбек Самаков бийлик өкүлдөрүнүн атынан ватсап аркылуу «Менин кызым сүрөт тартты эле, добуш берип койгула» деген сыяктуу ар кандай жалган билдирүүлөр келип, натыйжада телефондогу жеке маалыматтарды уурдаганга аракеттер болуп жатканын айтып, чара көрүүнү өтүндү.