‼Жогорку Кеңештин дагы эки комитети Кыргызстанда уран жана торийди казууга тыюу салууну жокко чыгарууну жактырды

28-майда Жогорку Кеңештин жыйынында Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинин мүчөлөрү жана Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитететтеринин депутаттары уран жана торий кендерин иштетүү боюнча мораторийди жокко чыгаруу  маселесин биринчи окууда жактырышты. Тыюу 2019-жылы Кызыл-Омпол кенин иштетүүгө каршы нааразылык акцияларынан кийин киргизилген.

Мыйзам долбоорун депутаттарга Жаратылыш ресурстары министри Мелис Тургунбаев алып чыкты. Ал белгилегендей, мыйзам долбоорун кабыл алуу менен бирге мамлекеттик органдар уранды жана торийди казып алуунун заманбап технологияларына мониторинг жүргүзөт, бул «кен казып алуунун айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин минималдаштырууга өбөлгө түзөт». Эгерде мындай технологиялар бар экени аныкталса, мамлекеттик органдар аларды жер казынасын пайдалануучулар тарабынан ишке ашырууга талаптарды киргизет деп убада кылды.

Уран жана торийди казууга тыюу салууну алып салуу идеясы министрлер кабинетине таандык. Алар 2020-2023-жылдардагы экономикалык башаламандыктан кийин өлкөгө башка киреше булактары керек деп эсептешет. Буга чейин бийлик Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол кенин торий жана уран кендери менен иштетүүгө ниеттенип жатканын билдирген.