Elite House’тун турак жай комплекстери легалдаштырылып, батирлеринин бир бөлүгү мамлекетке өтөт

Өз кезегинде курулуш компаниясы 2 миң чарчы метр турак жай аянтын мамлекетке өткөрүп берет — бул 19 батир. Орунтаев кийин бул батирлер МИКке өткөрүлүп, ал жактан аларды карапайым эл сатып ала аларын айтты.

Буга чейин сот Elite House’тун негиздөөчүсү Тимур Файзиевди ал мамлекетке 3 млн доллар төгүп берген соң абактан чыгарганы белгилүү болгон.Файзиев 2023-жылдын октябрында, кримтөбөл Камчы Көлбаев жок кылынгандан кийин кармалган. Ишкер кылмыштуу кирешелердин изин жашыруу жана адалдоого айыпталып жаткан.