Президент ишкер жана инвесторлордун укугун коргоону күчөтүүнү сунуштады

Ага ылайык, мыйзамдуу ишкердик кылгандарга тоскоолдук жараткандарга салынчу айыптын өлчөмү 100 миң сомдон 150 миң сомго көбөйтүлөт.

Аны менен катар, мыйзам бузган ишкерлерди дароо эле камабай, аларга электрондук байкоо жүргүзүү, күрөө, үй камагына алуу өңдүү ыкмаларды колдонуу сунушталууда. Бул демилге ишкерлерди негизсиз камакка алуудан коргоо максатында көтөрүлүп жатканы айтылды.