УКМК 2010-жылдагы Ош окуясынан кийин теракт жасоого даярданган шектүүнү кармады

«А.И.И. жана анын Ош облусунун тургундарынын арасынан болгон шериктери 2010-жылдагы окуядан кийин Кыргызстандын аймагында террордук актыларды жасоону көздөп, бул үчүн ок атуучу куралдарды жана жардыруучу заттарды сатып алышкан», — деп билдирди УКМК.

2011-жылы А.И.И. эки шериги кармалып, ар кандай мөөнөттөргө соттолгон, бирок калгандары, анын ичинде А.И.И., качып кетишкен.