Жалал-Абад: Унаа сүзүп кеткен индиялык студент кыз ооруканада каза болду

Ал эми автоунаанын айдоочусун 27-майда Жалал-Абад шаардык соту 24-июлга чейин үй камагына бошоткон.

Алгач чет өлкөлүк студент кызды унаа сүзүп кеткени тууралуу фейсбук колдонуучусу Раушан Айткулова 23-майда жазган. Ал жабырлануучунун башына операция жасалып комада жатканын, ал эми сүзүп кеткен айдоочуга кылмыш иши козголо электигин айтып, президенттен абалды көзөмөлгө алууну суранган.

Кийин ИИМдин басма сөз кызматы, окуя 14-майда болгонун тастыктап, кызды сүзүп кеткен «Мерседес Бенц» автоунаасынын айдоочусуна кылмыш иши козголуп, 25-майда убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдирген. Окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланып жаткан белгилешкен.

Маркум индиянын жараны Тарнам Кхан Жалал-Абад университетинин медицина факултетинин 1-курсунун студенти болгон.