Жогорку Кеңеш Зулушевди башкы прокурор кызматынан бошотууга макулдук берди

Зулушевдин ордуна өлкө башчысы башкы прокурор кызматына Максат Асаналиевди сунуштады. Документ парламенттин кароосуна жиберилди.

3-июнда башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кызматтан кеткени белгилүү болгон. Президенттин басма сөз катчысынын айтымында, ал өз каалоосу менен иштен кеткен.