Темирлан Султанбеков: Минкаб жашы жете элек кызга «Ыплас аракет» жасап соттолгон кишиге 49 жылга жер берди

«Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков «Ыплас аракеттер» беренеси боюнча соттолуп, кийин пробациялык көзөмөл менен бошотулган Усупбий Шеримбаевге минкаб 49 жылга тигүү фабрикасын иштетүү үчүн 1,6 гектар жер бөлүп берип жатканына нааразы болуп, президентке жана УКМКнын төрагасына кайрылды.   

«Бирок бул педофилге бир гана сиздер чекит коё аласыздар, анткени минкабдын башчысы укмуштуудай айкөлдүк көрсөтүп, ага 1,6 гектар жерди берип жатат. [...] 29-майда минкаб мындан 2 ай мурун түзүлгөн “7-апрель ынтымагы” ишканасына 1,577403 гектар жер тилкесин 49 жылдык мөөнөткө ижарага берүүнү тапшырган. Ишкананын негиздөөчүсү жана директору Шеримбаев Усупбий Бактыбекович. Кыргызстанда ким 1,6 гектар жерди мамлекеттен 49 жылга ала алат?» — деди ал.

Анын айтымында, Шеримбаев 2022-жылы 16 жашка толо элек балага карата ыплас аракеттерди жасоо боюнча күнөөлүү деп табылып, Ленин райсоту аны сегиз жылга кескен. Шаардык соту да аны күнөөлүү деп таап, бирок кандайдыр бир себептер менен анын жаза өтөө мөөнөтүн алты жылга кыскарткан, кийин төрт жылдык пробациялык көзөмөл менен бошотулган.

Султанбеков белгилегендей, Шеримбаев эркиндикке чыккандан кийин, өзүнүн видеокайрылуусунда жана жолугушууларында Минскке барып бозгун президент «Курманбек Бакиев менен жолукканын жана Кыргызстанда тигүү цехин курууга даяр экенин» айта баштаган.

Бул боюнча үстүбүздөгү жылдын январында президент апрель уюмдарынын өкүлдөрүн чогултуп, Шеримбаевдин кайрылуусун окуган. Бирок ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен өлкө башчы бирден-бир туура чечим кабыл алып, катты архивге жөнөтүү менен, бул теманы биротоло жапкан. 

«Качантан бери пробациялык көзөмөлдөгү адам чет өлкөгө учуп, өмүр бою эркинен ажыратылган кылмышкерлер менен жолугуп калган?  Эки ай мурун бул боюнча УКМКга кат жолдогонбуз, бирок жоопсуз калды. Бирок Шеримбаевдин бул иштен башка иштерге да байланышы бар, анын ичинде кичинекей баланын бутуна ок атуу, Токмоктогу ок атуу, уруп-сабоо. Өлкөдө мындай нерселер болбошу керек, биз Садыр Жапаровдон жана Камчыбек Ташиевден бул маселеде адилеттүүлүктү орнотууну суранабыз», — деди Султанбеков. 

Ал эми Усупбий Шеримбаев Kaktus.mediaга чындап эле компанияны башкарып, жер алып жатканын тастыктаган. Кылмыш иши боюнча күнөөсүн мойнуна албай турганын, өкүм боюнча Жогорку сотко даттанганын айткан.

«Менин колумда кыздын апасы жана өзү көрсөтмө берүүдөн баш тартып жаткан документтер бар. Андан сырткары соттук-медициналык экспертиза ага тийбегенимди, кыздык белгиси бузулбаганын көрсөттү. Документ боюнча мен соттолгонмун. Бирок мен мыйзамсыз соттолдум деп эсептейм», — деген Шеримбаев. 

Андан сырткары Ленин райондук милициясынын тергөөчүлөрү жана тергөө бөлүмүнүн башчысы Шеримбаев кылмыш иши боюнча жазага тартылып, алтургай кылмыш жоопкерчилигине тартыганын кошумчалаган

Бирок басылма Шеримбаев менен сүйлөшүү учурунда, ал айткан сөздөрүнө эч кандай далили болбогонун белгиледи. Ал ошондой эле кыздын апасы жана кыз өзү тергөө учурунда көрсөтмө берүүдөн баш тартканын тастыктаган документтерди жана экспертизанын жыйынтыктарын алып келерин айткан.