Активисттер Өндүрүш Токтонасыровго салынган айыпты төлөө үчүн 100 миң сом чогултуп жатышат

«Кылым Шамы» адам укугун коргоо борбору сот активист Өндүрүш Токтонасыровго салган 100 миң сом айып пулду төлөш үчүн акча жыйнап баштады.

Уюм анын мындан ары адилетсиздик менен күрөшкөнгө аргасы калбаганын, бирок сот чечимин аткарбай коюу кайра жоопкерчиликке түртүп коёрун белгиледи.

«Өндүрүш байке 5000 сом айлыгына абдан жупуну жашайт. Бир жыл болгон сотто экинчи инсультун баштан кечирди, экинчи топтогу майып. Ал ага салынган айыпты көтөрө албайт. […] Келгиле Өндүрүш байкеге ошол штрафты жапканга биргелешип жардам берип, тынч жашоого мүмкүнчүлүк берели!» — деп жазышты активисттер.

 Жардам үчүн реквизиттер: MBANK: +996 555081678

Буга чейин Биринчи май райондук соту Токтонасыровду расалык, этностук, улуттук, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу боюнча күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айыпка жыккан. Кылмыш ишинин козголушуна Токтонасыровдун фейсбуктагы согушка каршы билдирүүлөрү себеп болгон.